Авиациялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгы (PEL)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Авиациялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгы.
Авиациялык персоналды тастыктамалоо башкармалыгы АПКР-1 «Авиациялык персоналга күбөлүк берүү» талаптарын ишке ашыруу боюнча жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органынын функцияларын аткарат жана Кыргыз Республикасынын авиациялык персоналын сертификациялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылат.
Башкармалык өз ыйгарым укуктарынын чегинде:
 авиациялык персоналга күбөлүктөрдү, ошондой эле квалификациялык жана өзгөчө белгилерди берүү, узартуу, калыбына келтирүү, токтотуу жана жокко чыгарууну уюштурат жана жүргүзөт;
 чет мамлекеттер тарабынан берилген авиациялык персоналдын күбөлүктөрүн тааныйт жана аларды таануу шарттарынын сакталышын көзөмөлдөйт;
 теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү текшерүүнү, анын ичинде экзамендерди, квалификациялык текшерүүлөрдү жана компетенттүүлүктү баалоону камсыз кылат;
 жарандык авиация органы тарабынан дайындалган экзаменаторлордун, квалификациялык комиссиялардын жана медициналык комиссиялардын ишин координациялайт;
 авиациялык окуу уюмдарын, даярдоо программаларын жана авиациялык персоналды даярдоонун сапатын камсыз кылуу тутумун бекитет жана көзөмөлдөйт;
 берилген жана таанылган авиациялык персоналдын күбөлүктөрү боюнча маалыматтарды эсепке алууну, каттоону жана сактоону жүргүзөт;
 авиациялык персоналды даярдоо, баалоо жана квалификациясын колдоо чөйрөсүндө белгиленген талаптардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.
Башкармалыктын ишмердүүлүгү авиациялык персоналдын кесиптик даярдыгынын талап кылынган деңгээлин жана Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.