Бош орундар

              

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-январындагы № 15 «Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына сынак жарыялайт.

 

                                    КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына

Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талаптар

Башкы мамлекеттик кызмат орундары үчүн: 

Билими:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

  2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

  3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

  4. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамы;

  5. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы;

  6. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамы;

  7. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» КР Мыйзамы;

  8. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» КР Мыйзамы;

  9. «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө» КР Мыйзамы;

  10. КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү;

  • Менеджменттин негиздери.

Билгичтиги:

  • Статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

  • Ишти стратегиялык пландаштыруу жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;

  • Кураторлук кылган түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;

  • Критикалык кырдаалдарда чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;

  • Кызматкерлердин алдына так коюлган милдеттерди коюу жана алардын ишин объективдүү баалоо;

  • Жагымдуу социалдык-психологиялык климат түзүү жана заманбап баарлашуу ыкмаларын колдонуу;

  • Конфликттик кырдаалдарды жөнгө салуу;

  • Тексттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;

  • Файлдар жана папкалар менен иштөө (түзүү, атын өзгөртүү, көчүрүү, жылдыруу, жок кылуу жана калыбына келтирүү);

  • Тышкы перифериялык түзүлүштөрдү туташтыруу;

  • Диск мейкиндигин тазалоо (архивдөө);

  • Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө (издөө, алмашуу, сактоо);

  • Электрондук почта менен иштөө;

  • Браузерлер менен иштөө;

  • Офистик техникалар (көчүрүү аппараттары, принтер, сканер, проектор ж.б.) менен иштөө.

Көндүмдөрү:

  • Башкаруу менеджменти;

  • Аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

  • Башкаруу ишмердүүлүгү (пландаштыруу, уюштуруу, координациялоо, мотивация жана контролдоо);

  • Эл алдында сүйлөө, кыргыз, орус жана англис тилдеринде иш кагаздарын жүргүзүү;

  • Тиешелүү чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо;

  • Башкаруу чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;

  • Иштиктүү баарлашуу жана жыйындарды өткөрүү ыкмаларын билүү;

  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программаларды билүү (Word, Excel, «ТОКТОМ Мамлекет Про», Infodocs СЭД).


Улук мамлекеттик кызмат орундары үчүн: 

Билими:

  1. КР Конституциясы;

  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамы;

  3. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамы;

  4. «КР ченемдик укуктук актылары жөнүндө» КР Мыйзамы;

  5. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» КР Мыйзамы;

  6. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (№ 120 токтом).

  • Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү.

Билгичтиги:

  • Маалыматтарды талдоо, компьютердик программалар жана офистик техника менен иштөө, интернет жана электрондук почтаны колдонуу.

Көндүмдөрү:

  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

  • Эл алдында сүйлөө жана үч тилде кат алышуу;

  • Ишти пландаштыруу жана убакытты туура бөлүштүрүү;

  • Infodocs (СЭД) тутумунда иштөө.


Кенже мамлекеттик кызмат орундары үчүн: 

Билими:

  1. КР Конституциясы;

  2. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» КР Мыйзамы;

  3. Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  • Кыргыз, орус жана англис тилдерин билүү.

Билгичтиги жана көндүмдөрү:

  • Статистикалык маалыматтарды талдоо, компьютердик сабаттуулук, офистик техника менен иштөө, ченемдик актыларды колдонуу жана эл алдында сүйлөө көндүмдөрү.


БӨЛҮМДӨР БОЮНЧА АТАЙЫН ТАЛАПТАР (КЫСКАЧА):

1. Учууга жарактуулугун колдоо башкармалыгы

  • Улук инспектор (К-А): Авиациялык техникалык жогорку билим. Тиешелүү чөйрөдө кеминде 3 жылдык стаж. Жарандык авиация инженеринин колдонуудагы күбөлүгүнүн болушу. КРАЭ (АПКР) жана ИКАО (Doc 9760, 9859 ж.б.) документтерин билүү.

2. Аэродромдор, жердеги тейлөө жана ташууларды жөнгө салуу бөлүмү

  • Башкы инспектор (У-Б): Жарандык авиация же техникалык жогорку билим. Мамлекеттик кызматта 1 жыл же кесиптик чөйрөдө 3 жылдык стаж. 14-КРАЭ (Аэродромдор) жана ИКАОнун 14-тиркемесин билүү.

3. Авиациялык персоналдарды тастыктамалоо башкармалыгы

  • Инспектор (К-Б): Жарандык/аскердик авиация чөйрөсүндө жогорку билим. Иш стажына талап коюлбайт. 1-КРАЭ (Персоналга күбөлүк берүү) жана ИКАО стандарттарын билүү.

4. Стратегиялык жана санарип өнүктүрүү бөлүмү

  • Бөлүм башчы (Б-А): Жогорку авиациялык билим же санариптештирүү боюнча тастыктамалар. Мамлекеттик кызматта 3 жыл же кесиптик чөйрөдө 5 жылдык стаж. Санариптик трансформация концепциясын жана ИКАО стандарттарын билүү.

5. Укуктук камсыздоо бөлүмү

  • Башкы адис (юрист) (У-Б): "Юриспруденция" багыты боюнча жогорку билим. Мамлекеттик кызматта 2 жыл же кесиптик чөйрөдө 3 жылдык стаж. Жарандык, Аба жана Процессуалдык кодекстерди билүү.

6. Учууларды эксплуатациялоо башкармалыгы

  • Улук инспектор (К-А): Жарандык авиация чөйрөсүндө жогорку билим. Тиешелүү чөйрөдө 1 жылдык стаж.  2-КРАЭ (Учуу эрежелери), 6-КРАЭ (АПКР-6) ж.б. билүү. CRM, FSTD баалоо методикаларын билүү.

7. Эл аралык кызматташтык жана медиакоммуникация бөлүмү 

  • Адис (К-Б): Гуманитардык, лингвистика, эл аралык мамилелер же юриспруденция боюнча жогорку билим. Стаж талап кылынбайт. Кыргыз (С1 деңгээли), орус жана англис тилдеринде профессионалдык котормо жүргүзө билүү.

8. Коопсуздукту жана шайкештикти мониторингдөө бөлүмү

  • Улук инспектор (К-А): Жарандык авиация чөйрөсүндө жогорку билим. Стаж талап кылынбайт. Учуулардын коопсуздугун башкаруу тутумун (УКБТ/СУБП) жана ИКАО/EASA стандарттарын билүү.


Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  • Жеке арыз: бош кызмат ордун так көрсөтүү менен;
  • Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча: сүрөтү менен;
  • Кесиптик деңгээлин тастыктоочу документтер: тийиштүү кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам берүү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, иштеген жеринен кадрлар бөлүмү тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу керек);
  • Паспорттун же өздүктү тастыктоочу документтин көчүрмөсү: (паспорттун же өздүктү тастыктоочу документтин түп нускасы маектешүү учурунда көрсөтүлүшү керек);
  • Аскердик эсепке алуу документинин көчүрмөсү: (аскердик милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылуучулар үчүн);
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат: берилген күнүнөн тартып 3 айдан ашпаган мөөнөттөгү (электрондук форматта жол берилет);
  • Резюме: сүрөтү менен;
  • №086 медициналык маалымкаты;
  • Кыргызтест сертификаты: (минималдуу деңгээли В2);
  • Сунуштама каттар: мурунку иштеген жерлеринен.

Тапшыруу тартиби

Документтер скоросшивателге тиркелип, «Конкурска» деген белги менен 2026-жылдын 6-апрелине чейин (кошо эсептегенде) төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек ш., Ажыбек Баатыр көчөсү, 1 (индекс: 720044)

Сурап билүү үчүн байланыштар:

  • Телефон: 251953
  • WhatsApp: 0702 317131

Кошумча маалымат

  • Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ички конкурска катышууга жиберилбейт.
  • Кошумча маалыматты www.caa.kg сайтынан же hr@caa.kg электрондук почтасы аркылуу алууга болот.