Авиациялык коопсуздук (AVSEC)

Кыргыз Республикасынын авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү саясаты авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу системасын түзүүдө турат, аны бардык адамдар, анын ичинде жарандык авиация объекттеринде өз ишин жүргүзүүчү мамлекеттик органдар жана жеке уюмдар аткарууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын жарандык авиация уюмдарынын  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жарандык авиация уюмдарынын биринчи кезектеги максаты жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жердеги персоналдын жана жалпы калктын мыйзамсыз кийлигишүү актыларынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.


 

 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик саясатты белгилөөчү жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп жарандык авиация органы эсептелет, ал учуулардын коопсуздугунун, туруктуулугунун жана натыйжалуулугунун аспектилерин эске алуу менен жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо үчүн эрежелерди, тажырыйбаны жана жол-жоболорду иштеп чыгууну камсыз кылат жана киргизет.

Мындай эрежелер, тажырыйба жана жол-жоболор:

- жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо менен байланышкан бардык учурларда жүргүнчүлөрдүн, экипаждын, жердеги персоналдын жана жалпы коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылат

 

  • коопсуздук коркунучунун ар кандай күчөшүнө ыкчам жооп кайтарууну камсыз кылат. 

 

ЖА уюмдарынын иш аракеттерин мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар: 

- Жарандык авиация тармагындагы авиациялык эрежелерди жана укуктук нормативдик актыларды Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынган Эл аралык жарандык авиация уюмунун сунушталган тажырыйбасына жана стандарттарына максималдуу түрдө шайкеш келтирүү менен иштеп чыгуу. Кыргыз Республикасынын жарандык авиация тармагындагы авиациялык эрежелерин жана башка укуктук нормативдик актыларын Эл аралык жарандык авиация уюмунун сунушталган тажырыйбасына жана стандарттарына шайкеш келбей калган учурда, Эл аралык жарандык авиация жөнүндөгү Конвенциянын 38-беренесине ылайык Эл аралык жарандык авиация уюмуна жарандык авиация жаатындагы эл аралык стандарттар тарабынан бекитилген ченемдер менен Кыргыз Республикасынын мыйзамчыгарууларынын ортосунда өзгөчөлүктөр бар экендиги тууцралуу маалымдоого тийиш;

- Кыргыз Республикасынын жарандык авиация коопсуздук чөйрөсүндөгү сапатты көзөмөлдөө программасын иштеп чыгуу, ошондой эле алаарды маал-маалы менен карап чыгуу; 

- Кыргыз Республикасынын авиациялык коопсуздук маселеллери боюнча кызматкерлерди даярдоо программасын иштеп чыгуу, жана аларды маал-маалы менен карап чыгуу;   

- жарандык авиацияга тейлөө көрсөтүүчү аэропроттордун, аэродромдордун, вертодромдордун, аба кемелеринин эксплуатанттарынын, авиамай куюуучу уюмдардын, жүк ташуучу терминалдардын, кортту камсыздандыруу цехтердин аэронавигациялык тейлөөлөрдү жеткирүүчү жана башка уюмдардын авиациялык коопсуздук программасын карап чыгуу жана макулдашуу;  

- КР укуктук документтеринин талаптарына шакеш келтирүү предметине авиациялык коопсуздук жаатында АК эксплуатанттары боюнгча АК эксплуатанттарынын учууларын өндүрүү боюнча колдонмолорду карап чыгуу (РПП); 

- АК эксплутанттарына алардын тастыктамаларына жана туруктуу көзөмөлдөрүнүн чегинде аудиттерди жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү; 

- Аэропроттордун, аэродромдордун, вертодромдордун алардын жарактуулук тастыктамаларынын жана туруктуу көзөмөлүнүн чегинде аудиттерди жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

- АК борттук тамак-аш берүүчүлөр, жүк терминалдары/кампаларын иреттөө жана тазалоо менен алектенген уюмдар кирген жердеги тейлөө жана туруктуу көзөмөл уюмдарын тастыктамалоонун алкагында авиа ишканалардын ишине аудит жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү ж.б.

- аэронавигациялык тейлөөлөрдү көрсөтүүчүлөрдүн иш аракетине аудит жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;  

- авиа отун менен камсыз кылуу боюнча уюмдарды тастыктамалоонун алкагында май куюучу комплекстердин ишине аудит жана инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

окутуу борборлорунун иш аракеттерин тастыктамалоонун жана туруктуу көзөмөлдүн чегинде аудиттерди жана инспекциялык текшерүүлөрдү жургүзүү;

- алымсыз соода дүкөндөрүнүн, ошондой эле жайлары ЖА уюмдардын жеткиликтүүлүгү чектелген корголуучу аймактарында жайгашкан жарандык авиацияда кызмат көрсөтүүчү уюмдардын ишине инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

- кабиналык жана учуучу экипажынын (учкучтар, борт коштоочулар ж.б.) анын ичинде авиайиялык куоопсуздук жаатында билим деңгээлин текшерүү; 

- АК перрондук текшерүүлөрүн анын ичинде чет мамлекеттик АК текшерүүлөрдү жүргүзүү; 

- авиациялык коопсуздук боюнча нускамачылардын билимине баа берүү боюнча иш аракеттерди уюштуруу;  

- кароодогу операторлордун оз алдынча иштерине уруксаат берүү жана билимин текшерүү; 

- аба кыймылын башкарууну ишке ашыруучу кызматкерлердин билимин баалоо; 

- АК жаатындагы жарандык авиация уюмунун колдонмосун, нускамас ын жана жобосун кароо жана макулдашуу; 

- авиациялык коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлерди даярдоо программасын карап чыгуу; 

- авиациялык коопсуздукка тиешелүү болгон имаравттарды жана тозмолоду куруу же кайра оңдоо боюнча долбоорлук документацияны макулдашуу; 

- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациядагы тобокелдиктеринин деңгээлин баалоону ишке ашыруу, жана зарыл болгон учурда 17-КРАЭ өзгөртүүлөрдлү киргизүү.

- коопсуздук чараларын камсыздоого жоопкерчиликтүү болгон ЖА уюмдарында авиациялык штаттык жетекчилерди макулдашуу; 

авиациялык коопсуздукка тиешелүү нускамаларды, технологияларды, талаптарды, ошондой эле авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик документтерине ылайык башка милдеттерди иштеп чыгуу жана чыгаруу;

авиациялык коопсуздук ченемдерин, эрежелерин жана жол-жоболорун бузган учурда ЖА уюмуна жана жактарына санкцияларды колдонуу;

жактардын кайрылууларын жана даттанууларын кароо.