Бөлүмдүн негизги милдеттери:
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кыймылын коопсуз жана сапаттуу тейлөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, анын ичинде AIS, MET, CNS, PANS-OPS, CHARTS, SAR;
ATM, AIS, MET, CNS, PANS-OPS, CHARTS, SAR тармактарында жарандык авиациянын ишин жөнгө салуучу жана регламенттөөчү Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларын иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
ATM, AIS, MET, CNS, PANS-OPS, CHARTS, SAR коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамдардын жана нормативдик актылардын сакталышына көзөмөл жана надзор жүргүзүү;
жарандык аэропортторду жана аэродромдорду, аба кемелеринин эксплуатанттарын, аэронавигациялык тейлөө көрсөтүүчүлөрдү сертификациялоого катышуу;
өзүнө берилген делегирленген ыйгарым укуктардын чегинде авиациялык персоналды сертификациялоо;
аэронавигация маселелери боюнча ЭЖАУдо жана башка эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
аэронавигациялык тейлөөнүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттөр аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учуу коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө колдонмо, маалымдама, нускама жана жоболорду иштеп чыгуу;
ЭЖАУнын эл аралык стандарттарын жана сунушталган практикаларын изилдөө жана Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине киргизүү;
ЭЖАУга ЭЖАУнын Эл аралык стандарттары жана сунушталган практикалары Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери менен шайкеш келиши же айырмачылыктары жөнүндө билдирүү;
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде белгиленген талаптарды аткаруудан бошотууларды/четтөөлөрдү берүү.
Документтерге шилтемелер: