Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу

Жарандык Авиация Мамлекеттик Агенттиги

Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн тарыхый күн!

20 жылдан кийин Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин авиациялык кара тизмесинен расмий түрдө чыгарылды.

Бул Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин толук колдоосу менен ишке ашырылган, улуттук жарандык авиация системасын учуулардын коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган мамлекеттин, авиациялык бийликтердин, авиация ишканаларынын жана тармактын бардык адистеринин көп жылдык эмгегинин натыйжасы.

Бүгүн ата мекендик авиациянын тарыхында жаңы барак ачылып, аба каттамдарын, туризмди жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда.

 

 

Аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун, авиациялык коопсуздукту, иш аракеттердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу максатында Жарандык авиация тармагындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат