Аэродромдор (AGA)

Аэродромдо учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмү  

 

            Аэродромдо учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет. АУКЖБ Кыргыз Республикасынын Конституциясы, КР аба кодекси, Чикаго Конвенциясы, КР Мыйзамдары, КР Президентинин Жарлыгы менен, Жогорку Кеңешинин токтомдору менен жана КР Өмөтүнүн, стандарттарынын жана ИКАО сунуштары менен, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобосуна, КР авиациялык эрежелерине, ЖАМА кызматкерлеринин адистик этика Кодексине ошондой эле, Кыргыз Республикасында таанылган жарандыук авиация тармагындагы ченемдик документтерди жетекчиликке алат.    

 

Кыргыз Республикасында 12 тастыкталган аэродромдор бар: алардын 4 эл аралык жана 8 ички аэродромдор. 

 

 

Аэродромдо учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмү

 

Жобого жана Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарына ылайык учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон иштерге көзөмөл жүргүзөт.

 

  • Аэродромдордун тастыктамалык талаптарын жана аэродромдук стандарттарын иштеп чыгууну;

 

  • сертификацияланган аэродромдордун жана вертодромдордун туруктуу көзөмөлүнүн бекитилген программасына ылайык тастыкталган аэродромдордун жана вертодромдордун эксплуатанттары тарабынан учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга туруктуу көзөмөл жүргүзөт  ;

 

  • учуулардын коопсуздугун камсыздоодо көзөмөлдү уюштурууну текшерүү;

 

  • аэронавигациялык маалымат кызматтарын АМК жана башка уюмдарга абилдирүүлөр;   

 

  • аэродромдун аймагындагы тоскоолдуктарды кароо жана макулдашуу; 

 

  • аэродромдордун эксплуатанттары тарабынан аэродромдо жана ага жанаша аймакта жарандык аба кемелеринин учушу үчүн канаттуулар жана башка жаныбарлар жараткан коркунучтарды башкаруу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көзөмөл жүргүзүү.

 

  • учуу коопсуздугун көзөмөлдөө менен байланышкан башка функциялар, анын ичинде аэродромдо операциялар, визуалдык куралдар, куткаруу жана өрткө каршы күрөшүү. 

AGA