Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Хели Скай» ЖЧКсына берилген №47 эксплуатациялык сертификатты жана ага байланыштуу учактардын эксплуатациялык спецификацияларын кайтаруу укугусуз жокко чыгарды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Авиакомпанияларды каттоо жана эксплуатациялык сертификат берүү боюнча тыюу салуу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Хели Скай» ЖЧКсына пландан тышкары инспекциялык текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында учуу коопсуздугу жаатында бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Аныкталган олуттуу мыйзам бузууларды эске алуу менен, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги «Хели Скай» ЖЧКсына берилген №47 эксплуатациялык сертификатты жана ага байланыштуу учактардын эксплуатациялык спецификацияларын кайтаруу укугусуз жокко чыгарды.

Учурда Кыргыз Республикасынын Транспорттук прокуратурасы «Хели Скай» ЖЧКнын тарабынан эксплуатациялык спецификацияларды жасалмалоо жана алардын мыйзамсыз колдонулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1 жана 2-бөлүмдөрүнө ылайык кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши тергөө иштерин улантуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.