Тестовый полет

2024-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы Air KG авиакомпаниясынын учкучтары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек-Кашкар багытында тесттик учуусун өткөрүштү.

Бул рейс Кытай Эл Республикасы менен экинчи эл аралык аба коридорун ачуу пландалып жаткан бөлүгүндө навигациялык каражаттардын камтылышын текшерүү максатында ишке ашырылган.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын авиациялык бийликтери Кытай Эл Республикасы менен Кашкар багытында экинчи эл аралык аба коридорун ачуунун үстүндө иштеп жатышат, бул экономикалык гана пайда алып келбестен, учурдагы Кытай менен болгон жалгыз авиа коридордогу тыгындарды жоюуга жардам берет , ошону менен учуунун коопсуздугун камсыз кылуу.