Кыргызстандын өкүлдөрү авиациялык компоненттердин учууга жарамдуулугу жана көзөмөлдөнүүчүлүгү боюнча эл аралык конференцияга катышты.

2026-жылдын 9-11-июнь күндөрү Астана шаарында Кыргызстандын, Түркиянын жана Казакстандын авиациялык бийлик органдарынын, тармактык уюмдарынын жана адистеринин өкүлдөрүн бириктирген «Авиациялык компоненттердин учууга жарамдуулугун, талаптарга шайкештигин жана көзөмөлдөнүүчүлүгүн камсыз кылуу» аттуу эл аралык конференция болуп өттү.

Иш-чара санкциялык чектөөлөр жана экспорттук көзөмөл менен байланышкан заманбап чакырыктардын шарттарында аба кемелеринин учууга жарамдуулугун камсыз кылуу боюнча талаптарды түшүндүрүү жана колдонуу жаатында авиациялык жөнгө салуучу органдардын жана тармак өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатууга багытталды. Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар авиациялык компоненттердин белгиленген талаптарга шайкештигин камсыз кылуу, алардын көзөмөлдөнүүчүлүгүн камсыздоо, ошондой эле авиациялык системалар менен компоненттердин иштен чыгууларын талдоо ыкмалары боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин Office of Cooperative Threat Reduction кеңсеси менен өнөктөштүктө жана Flight Safety Foundation уюмунун эксперттеринин катышуусунда иш-чаранын уюштуруучулары болуп CRDF Global уюму чыгышты. (болду)

Конференциянын программасына учууга жарамдуулукту камсыз кылуу, авиациялык компоненттердин көзөмөлдөнүүчүлүгү, глобалдык жеткирүү чынжырларынын учуу коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле жарандык авиациянын тийиштүү коопсуздук деңгээлин камсыз кылуудагы авиациялык жөнгө салуучу органдардын ролу боюнча тематикалык баяндамалар, интерактивдүү талкуулар жана практикалык көнүгүүлөр киргизилди.

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусунун негизги максаты жарандык авиацияны мамлекеттик жөнгө салуу, авиациялык техниканын учууга жарамдуулугун камсыз кылуу жана авиациялык компоненттердин белгиленген стандарттарга жана талаптарга шайкештигин көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү жаатындагы алдыңкы эл аралык тажрыйба менен таанышуу болду.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар практикалык тажрыйба алмашып, авиация тармагындагы тобокелдиктерди башкаруунун заманбап ыкмаларын карап чыгышты, ошондой эле учуу коопсуздугун жогорулатуу жана авиация секторунун туруктуулугун бекемдөө багытындагы мындан аркы эл аралык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.