Каракол шаарында Кыргызстандын эң бийик диспетчердик пунктунун курулушу башталды.

2026-жылдын 29-май күнү Каракол шаарындагы «Каракол» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон жаңы заманбап Командалык-диспетчердик пункттун (КДП) курулушунун башталышына арналган «Убакыт капсуласын» салуу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында мындай объект алгачкы жолу курулууда. Командалык-диспетчердик пункттун курулушу 2026-жылдын 15-майында башталган. Бекитилген планга ылайык, бардык курулуш иштери 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт деп пландалууда. Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда.

Жаңы Командалык-диспетчердик пункт өлкөнүн авиациялык инфраструктурасындагы өзгөчө заманбап жана жогорку технологиялуу объект болуп саналат. Техникалык долбоорго ылайык, КДП жалпы аянты 835 чарчы метрди түзгөн тогуз кабаттан, анын ичинде жер төлө кабатынан турат. Диспетчердик мунаранын бийиктиги 36 метрди түзүп, Кыргызстандагы ушул багыттагы эң бийик объект болуп калат жана авиадиспетчерлерге аэродром аймагын толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун мындан аркы өнүгүшү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Жаңы КДП пайдаланууга берилгенден кийин «Каракол» эл аралык аэропорту аба ырайынын шарттарына карабастан ички жана эл аралык каттамдарды жыл бою кабыл алууга мүмкүнчүлүк алат.

«Убакыт капсуласын» салуу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Беркут Калмуратов, Каракол шаарынын вице-мэри Нурлан Момбеков жана авиация тармагынын өкүлдөрү катышты.