Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде эл аралык деңгээлдеги окутуу программалары кайрадан старт алды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде учуулардын коопсуздугун жогорулатууга жана авиация тармагына эл аралык стандарттарды киргизүүгө багытталган окутуу курстары улантылууда. Окутуу ICAO TRAINAIR PLUS тармагынын инструкторлору тарабынан ICAO TRAINAIR PLUS эл аралык программасынын катышуучусу болуп саналган Кувейт Мамлекетинин Авиация жана технологиялар колледжинин уюштуруучулук колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Атап айтканда, авиациялык коопсуздуктун негиздерине арналган “Basic Aviation Security” аттуу окуу курсу уюштурулуп, сабактарды эл аралык эксперт, лектор Mlandvo Nxumalo жүргүзүүдө. Окутуунун жүрүшүндө авиациялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги принциптери, эл аралык талаптар, коркунучтарды алдын алуу чаралары жана аэропорттор менен авиакомпанияларда коопсуздук процедураларын ишке ашыруу маселелери каралууда.

Мындан тышкары, жарандык авиация системасын баалоо жана эл аралык аудиттик стандарттарды колдонуу багытындагы “GSI AGA” окуу курсу өткөрүлүп, анын лектору болуп авиация тармагындагы эл аралык адис Khaled Mahmoud катышууда. Курстун алкагында аэродромдорду тастыктамалоо, коопсуз эксплуатациялоо, инфраструктуралык талаптар жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарын ишке киргизүү боюнча темалар талкууланууда.

Бул курстарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын коопсуздук тутумун мындан ары чыңдоого, адистердин кесиптик квалификациясын жогорулатууга жана эл аралык тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.