Жарандык авиация системасында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча таанышуу жыйыны

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча таанышуу жыйыны болуп өттү. Жыйынга коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Бекболот Токтосунов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын, ошондой эле 2025-2027-жылдарга карата маалыматтык антикоррупциялык саясат программасынын талаптарын аткаруунун маанилүүлүгү жана зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасындагы 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуу зарылдыгы айтылды. Бул план коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга, ички көзөмөл механизмдерин өркүндөтүүгө жана мыйзамдуулук менен жоопкерчилик принциптерин бекемдөөгө багытталган.

Таанышуу жыйынынын алкагында жарандык авиация системасында коррупциянын алдын алуу жана ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу маселелери да талкууланды.