Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери ИКАО сертификаттарын алышты.

2025-жылдын 1-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация макмлекеттик  агенттигинин (ЖАМА) базасында ИКАОнун атайын окуу курсу өттү.
«ICAO Government Safety Inspector – Operations: Air Operator Certification (GSI OPS EN)» курсу ЖАМАнын кызматкерлерине арналган.   Программаны ИКАОнун тренинг тармагы ICAO TRAINAIR PLUSтын инструктору өткөрүпуюштуруу жагынан Кувейт Мамлекетиндеги Авиация жана технология колледжи колдоо көрсөткөнал эл аралык ICAO TRAINAIR PLUS программасынын катышуучусу болуп саналат.   Курс ЖАМАнын алдыңкы учуу коопсуздугу инспекторлору үчүн өткөрүлдүОкуу учуу процесстерин жана авиациялык операторлорду тастыктамалоо жаатындагы эксперттик компетенцияларды тереңдетүүгөошондой элеучак операторлорунун мамлекеттик көзөмөлүн жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган.  2025-жылдын 18-декабрында окуу курсу ийгиликтүү аяктапнатыйжада Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери тиешелүү ИКАО сертификаттарын алышты.