Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген «Уңгужол — Улуттук рух, дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасы.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы Жарлыгы менен бекитилген «Уңгужол — Улуттук рух, дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасын ишке ашырууда.

Бул иш-чаранын алкагында Агенттик тарых илимдеринин кандидаты, профессор Молдокасымов Кыяс Сатаровичти лекция өткөрүү үчүн чакырды.

Өзүнүн баяндамасында профессор «Уңгужол» концепциясынын негизги багыттарын кеңири түшүндүрүп берди. Ал өзгөчө жаш муунду кыргыз элинин улуттук каада-салттарына жана баалуулуктарына ылайык тарбиялоо, улууларды урматтоо, ошондой эле ар тараптан билимдүү жана өнүккөн инсан болуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, лекциянын жүрүшүндө улуттук биримдикти чыңдоо, патриоттуулукту өнүктүрүү жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролун жогорулатуу сыяктуу маанилүү маселелер да көтөрүлдү.