Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен Sichuan Airlines Logistics делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

2025-жылдын 10-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен Sichuan Airlines Logistics делегациясынын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле ГП «КАН», ААК «Кыргызстан аэропорттору», «Асман Ойл Компани» жана «Манас Менеджмент» өкүлдөрү да катышты. Кытай тарап “Кытай — Бишкек” багыты боюнча Airbus A321F учагын колдонуп түз жүргүнчү жана жүк ташуу каттамдарын ачууга кызыгуусун билдирип, компания тууралуу маалыматты сунуштады. 

Тараптар жүк жана жүргүнчү ташуу рыногун, «Манас» аэропортуна караштуу инфраструктуранын, анын ичинде карго-терминалдын даярдыгын, жер үстүндөгү тейлөө маселелерин жана кызматташтыктын мүмкүн болгон моделдерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл логистикалык процесстерге, учкучтар менен экипаждын өлкөгө кирүү талаптарына жана учак күйүүчү майы маселелерине бурулду.

Кыргыз тарап долбоорду андан ары иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтар менен камсыздоого даяр экенин белгиледи. Sichuan Airlines Logistics өкүлдөрү кыргыз авиация бийликтеринин ачыктыгын жогору баалап, Борбор Азия рыногун мындан ары да изилдөөнү улантаарын билдиришти.