2025-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) базасында ЖАМА кызматкерлери үчүн арналган ИКАОнун «ICAO Government Safety Inspector – Operations: Air Operator Certification (GSI OPS EN)» аттуу адистештирилген окуу курсу өткөрүлүп жатат.
Программа ICAO TRAINAIR PLUS тармагындагы ИКАО инструктору тарабынан, эл аралык ICAO TRAINAIR PLUS программасынын катышуучусу болгон Авиация жана технологиялар колледжинин (Кувейт мамлекети) уюштуруучулук колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Курска ЖАМАнын учуу коопсуздугу боюнча алдыңкы инспекторлору катышууда. Окутуунун максаты — алардын учуу ишмердүүлүгү жана авиациялык эксплуатанттарды тастыктамалоо жаатындагы адистик компетенцияларын тереңдетүү, ошондой эле аба кемелеринин операторлорун мамлекеттик көзөмөлдөөнүн тажрыйбалык көндүмдөрүн өркүндөтүү.