Кеңешме CASE II долбоорунун жыйынтыктарына арналды. Иш-чарада авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү глобалдык жана трансрегионалдык коркунучтар, CASE II долбоорунун жетишкендиктери жана негизги көйгөйлөрү, анын ишке ашырылышынын натыйжалары жана жаралган кыйынчылыктар талкууланды.
Ошондой эле авиациялык коопсуздук багытында туруктуу потенциалды жогорулатуу, инвестициялоо, тажрыйба алмашуу жана потенциалды өнүктүрүү боюнча ыкмалар каралды. 2025-жылы жүргүзүлгөн ички баалоонун негизги жыйынтыктары жана мындан аркы иш боюнча сунуштар берилди.
Мамлекет-өнөктөштөр жана регионалдык уюмдар CASE II долбоорунун колдоосу аркылуу улуттук деңгээлде жетишилген натыйжалар менен бөлүшүштү. Иш-чара ECAC жана Европа комиссиясынын жыйынтыктоочу сөздөрү менен аяктады.
«Африкада, Жакынкы Чыгышта жана Азияда жарандык авиациянын коопсуздугу» (CASE II) аттуу долбоор толугу менен Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Европанын Жарандык авиация конференциясы тарабынан ишке ашырылган.