Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосунда жаңы эл аралык аба трассасынын ачылышы.

Кыргыз Республикасынын аэропортторун жана Кашкар шаарын байланыштырган жаңы эл аралык аба трассасы ишке киргизилди. Бул трассанын ачылышы эки өлкө ортосундагы транспорттук байланышты чыңдоодо жана кызматташууну кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттик жана «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы бул аба трассасын ачуу маселеси боюнча бир жылдан ашык убакыт иш жүргүзүштү. Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле Кашкар аэропорту менен Борбор Азиядагы аэропорттор — Бишкек, Ош, Ташкент жана Алматынын ортосундагы аралыкты кыскартууга өбөлгө түзөт.

2025-жылдын 1-ноябрында саат 17:37 UTCде «Аэрономад» авиакомпаниясы тарабынан Лахор – Бишкек багыты боюнча рейс аткарылып, анын маршруту жаңы трасса аркылуу өткөн. Учуу эч кандай четтөөлөрсүз өтүп, толугу менен бекитилген планга ылайык жүргүзүлдү.