Аэродром жабууларын баалоо боюнча окутуу

Жакында Жарандык авиация агенттигинин жана «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын кызматкерлери үчүн
«DCP түзмөгү аркылуу учуу-конуу тилкелери менен перрондордун абалын баалоо» темасында окуу өткөрүлдү.

Окутууну АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн CAPE TEAM инженерлери өткөрүштү — бул адистер дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аэродром жабууларын текшерип, аба каттамдарынын коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт.

Окутуу маалында катышуучулар DCP түзмөгү кандай иштей турганын, аэродромдо түз өлчөө жүргүзүү жолдорун, алынган маалыматтарды иштетүү жана талдоо ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле бул тармакта колдонулган эл аралык стандарттар жана талаптар тууралуу маалымат алышты.

Мындай окутуулар адистерге аэродромдордун абалын көзөмөлдөөгө жана Кыргызстандын авиация коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.