Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов жетектеген кыргыз делегациясы учурда Монреалда өтүп жаткан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) 42-Асамблеясынын ишине активдүү катышууну улантууда.
АКШнын Транспорт министри Шон Даффи менен жарандык авиациядагы эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде авиациялык коопсуздук, учуулар коопсуздугу, аба байланышын өнүктүрүү жана авиациялык жөнгө салуу тажрыйбасы менен алмашуу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланган жолугушуу өткөрүлдү.
Ошондой эле АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешинин (NTSB) директору Дженнифер Хоменди менен жолугушуу болуп өттү, анда кырсыктарды иликтөөдө кызматташуу жана транспорттук коопсуздук боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу талкууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө башка бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар да өттү.
Катар мамлекетинин Жарандык авиация башкармалыгынын директору Мохаммед Фалих Аль-Хажри мырза менен кызматташууну кеңейтүү келечеги, анын ичинде авиация кызматкерлерин даярдоо, Бишкек менен Доха шаарларынын ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Оман Султанатынын Жарандык авиация башкармалыгынын директору Насер бин Саид Аль-Абри мырза менен талкуулар учуулар коопсуздугу боюнча өнөктөштүктү бекемдөө, ИКАОнун эл аралык стандарттарын киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу жана каттамдар тармагын кеңейтүү маселелерине арналды.
Африканын жарандык авиация комиссиясынын (AFCAC) президенти Айшету Сумайла айым менен өзүнчө жолугушуу болуп, анда ИКАОнун глобалдык демилгелеринин алкагында кызматташуунун келечеги жана аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөө талкууланды.
Ошондой эле ИКАО Кеңешинин Президенти Сальваторе Скиаррата мырза жана ИКАОнун Башкы катчысы Хуан Карлос Салазар мырза менен талкуулар өткөрүлдү. Учуулар коопсуздугун жакшыртууга, улуттук мыйзамдарды эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жана Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк авиациялык процесстерге интеграциясын тереңдетүүгө басым жасалды.
Кыргыз Республикасынын ИКАО Ассамблеясына катышуусу эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, жарандык авиацияда улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу жана өлкөнүн транспорттук потенциалын андан ары өнүктүрүү жолундагы маанилүү кадам болуп саналат