2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостонов менен Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) Европа жана Түндүк Атлантика боюнча аймактык директору Николас Ралло, ИКАОнун расмий документине кол коюшту.
Бул документ Эл аралык Жарандык авиация уюму менен Өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык алкагын түзүүчү Туруктуу авиациялык күйүүчү майлар боюнча ИКАОнун жардам көрсөтүү, потенциалды жогорулатуу жана окутуу (ICAO ACT-SAF) программасына катышуунун шарттарын камтыйт. Белгилей кетсек, авиациялык ишмердиктин айлана-чөйрөгө жана климатка тийгизген таасирин азайтуу Бириккен Улуттар Уюмунун тутумунун саясатына ылайык ИКАОнун беш стратегиялык милдеттеринин бири болуп саналат. Белгиленген Программага катышуу Кыргыз Республикасынын авиация тармагы үчүн өтө маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровдун 2024-жылдын 7-декабрындагы акыркы билдирүүсүндө, Президент Садыр Жапаров авиациянын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири тууралуу олуттуу тынчсыздануусун билдирген. Белгилей кетсек, ИКАОнун туруктуу авиациялык күйүүчү майлар боюнча потенциалын жогорулатуу жана окутуу программасы (ICAO ACT-SAF) аба кемелеринин пайдаланылган газдарынан айлана-чөйрөнү булгоо маселесин чечүүгө карай чоң кадам болот.