2024-жылдын 25-ноябрында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Дүйнөлүк банктын Долбоорлорду ишке ашыруу тобунун катышуусу менен Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Борбордук Азияда региондук коммуникацияларды өркүндөтүү боюнча үчүнчү фаза программасынын (CAR-3)” алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине авиациялык кырсыктарды иликтөө жана аэродромдорду тастыкиамалоо үчүн бир катар жабдуулар берилди.
Бул долбоордун алкагында аудио, видео, фото жазуу жана маалыматтарды сактоо үчүн электрондук жабдуулар, авиациялык окуянын объектилеринин аймактарын, бөлүктөрүн жана фрагменттерин өлчөө жана изилдөө үчүн аспаптар, тергөөчүнүн денесине химиялык, физикалык жана башка таасирлерден жеке коргонуу каражаттары, аэродромдор аймагындагы тоскоолдуктарды аныктоо жана талдоо үчүн программалык камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинине жабдууларды берүүнүн негизги максаттары бул - авиациялык окуяларды иликтөөдө, ошондой эле авиациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын жогорулатуу болуп саналат.