Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктер үчүн ыйгарылган жогорку мамлекеттик сыйлык.

Кыргыз авиациясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Бул сыйлыктын артында өлкөнүн авиация тармагын реформалоо боюнча үч жылдык талыкпас жана үзүрлүү эмгек жатат. Данияр Бостоновдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү жана Европа Биримдигинин бардык талаптарын аткаруу боюнча зор иштер жүргүзүлдү. Натыйжада Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин авиациялык «кара тизмесинен» чыгуу боюнча маанилүү ийгиликтерге жетишти.

     Данияр Бостоновдун айланасына топтолгон кесипкөй командасы, анын ичинде директордун орун басарлары Канат Төлөгөнов менен Бектур Джумалиев, өлкөнүн авиация тармагын өнүктүрүү, анын коопсуздугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу багытында талыкпай эмгектенип келишет.

Бул иш жогорку жоопкерчиликти, кесипкөйлүктү жана чечим кабыл алууда туруктуулукту талап кылды. Натыйжада эл аралык авиациялык коомчулуктун ишеними кайрадан бекемделип, ата мекендик авиацияны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды. Талыкпас эмгек өз жемишин берди: жетишилген ийгиликтер Кыргызстандын дүйнөлүк авиация мейкиндигиндеги кадыр-баркын чыңдоого жана тармактын мындан аркы өсүшүнө бекем негиз түзгөн маанилүү кадам болду. 

     Узак жылдар бою үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгы бүгүн жогорку деңгээлде бааланып, татыктуу сыйлык менен белгиленди.