Кыргызстан менен Кытай жарандык авиация тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо.

2026-жылдын 10-майынан 23-майына чейин Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгы тарабынан Бээжин жана Шанхай шаарларында уюштурулган «Кытай – Борбордук Азия 2026: Жарандык авиацияны башкаруу жаатындагы потенциалды жогорулатуу» аттуу эл аралык программага катышышты.

Эки жуманын ичинде программанын катышуучулары Кытайдын жарандык авиацияны мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбасы, учуу коопсуздугун камсыздоонун заманбап ыкмалары, коопсуздукту башкаруу системаларын (SMS) киргизүү, аба кемелеринин учууга жарамдуулугун сертификациялоо, ошондой эле аба кыймылын уюштуруу жана аэропортторду эксплуатациялоо тармагындагы жаңы технологиялар менен таанышышты.

Өзгөчө көңүл авиация тармагын санариптештирүү маселелерине, учак куруу өнөр жайын өнүктүрүүгө, инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана авиация секторунун келечектүү өнүгүү багыттарына бурулду. Катышуучулар авиация өнөр жайын мамлекеттик колдоонун механизмдерин кеңири изилдеп, мамлекеттик органдар менен тармактык ишканалардын натыйжалуу өз ара аракеттенүү тажрыйбасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Программанын алкагында Кытайдын алдыңкы авиациялык ишканаларына, эл аралык аэропортторуна, авиакомпанияларына жана өндүрүштүк комплекстерине сапарлар уюштурулду. Катышуучулар аба кемелерин өндүрүүнүн жогорку технологиялык жана автоматташтырылган процесстери, авиациялык ишмердүүлүктү башкаруунун заманбап системалары жана өлкөдө ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлор менен таанышышты.

Алынган билимдер жана практикалык тажрыйба Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын мындан ары өнүктүрүүгө, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө, ошондой эле авиация тармагынын коопсуздугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.