2026-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана Австрия Республикасынын Инновациялар, мобилдүүлүк жана инфраструктура боюнча федералдык министрлигине караштуу Жарандык авиация башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн акыркы раундун өткөрүштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташып, макулдашуунун долбоорунун негизги жоболорун талкуулашты, ошондой эле анын акыркы редакциясын макулдашышты. Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Макулдашууга кол коюу зарыл болгон укуктук базаны түзүү процессинин логикалык жыйынтыгы болуп, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүгө жагымдуу укуктук шарттарды түзөт. Анын ичинде туруктуу авиакаттамдарды ачуу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну көбөйтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы ишкердик, туристтик жана маданий байланыштарды чыңдоо каралган.
Жетишилген макулдашуулар буга чейин башталган кызматташуунун ырааттуу уландысы болуп саналат. Атап айтканда, 2025-жылдын 25-сентябрында Монреаль шаарында Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Австриянын Инновациялар, мобилдүүлүк жана инфраструктура боюнча федералдык министрлигинин Жарандык авиация башкармалыгынын ортосунда авиацияны жөнгө салуу тармагында өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталган кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Андан тышкары, 2025-жылдын 18-декабрында Вена шаарында «Вена аэропорту» менен «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Бул документ достук мамилелерди түзүүнү, аэропорттордун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнү, ошондой эле авиациялык инфраструктураны башкаруу жана тейлөө тармагында тренингдерди өткөрүүнү жана мыкты тажрыйбаларды алмашууну карайт.
Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын эл аралык авиациялык системага мындан ары интеграцияланышына өбөлгө түзүп, анын эл аралык аренадагы ишенимдүү өнөктөш катары позициясын бекемдейт.