Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Air China Limited авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.

 Анда жарандык авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Жолугушуунун негизги темасы ПекинБишкек – Пекин багыты боюнча түз туруктуу каттамдарды ачуу демилгесин кароо, ошондой эле авиакомпаниянын Бишкек шаарында өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгү болду.

Кытай тарап улуттук авиакомпания “Asman Airlines менен өнөктөштүк кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, анын ичинде каттамдар тармагын кеңейтүү жана авиация тармагында тажрыйба алмашуу маселелерин белгиледи.

Тараптар туруктуу авиакаттамдарды ачуу үчүн учууларга уруксат алуу тартибин, керектүү документтердин тизмесин, арыздарды кароо мөөнөттөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана авиациялык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, шашылыш атайын каттамдарды аткаруу, тиешелүү арыздарды берүү тартиби жана Кыргызстандын аймагына учууларды ишке ашырууда чет өлкөлүк авиакомпанияларга коюлган талаптар өзүнчө каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча түз каттамдарды ачуу маселеси боюнча жумушчу консультацияларды улантууга, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы ортосунда авиациялык кызматташууну кеңейтүүгө, Бишкек шаарында авиакомпаниянын өкүлчүлүгүн ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга, ошондой эле эки өлкөнүн авиациялык органдары менен авиакомпанияларынын ортосунда маалымат алмашууну жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.