Президент Садыр Жапаров 5-мартта «Airbus Europe» компаниясынын президенти Йохан Пелиссье жана «BBAM Leasing» компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергастты кабыл алды.

Тараптар Кыргызстандын авиапаркын жаңы учактар менен кеңейтүү жана жарандык авиация тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. «Airbus Europe» менен кол коюлган келишим аба ташууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, учуу багыттарынын географиясын кеңейтүүгө жана авиажүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга маанилүү салым кошору белгиленди.

       Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу «Asman Airlines» авиакомпаниясы жүргүнчүлөр үчүн бизнес-класс кызматын ишке киргизүүдө.

       Президент өлкөдө авиация тармагы активдүү модернизацияланып жатканын белгиледи: мурда толук кандуу 4 аэропорт иштесе, бүгүнкү күндө алардын 11и иштеп жатат. Ошондой эле Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу жүрүүдө.

       Йохан Пелиссье Кыргызстандын авиация тармагындагы жетишкендиктерин жогору баалап, узак мөөнөттүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Морис Прендергаст жаңы учактар эл аралык стандарттарга толук жооп берерин айтып, компаниянын адистери кыргызстандык кесиптештерине жаңы борттордун техникалык системаларын өздөштүрүүгө жардам берерин кошумчалады.

      Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даяр экенин ырасташты.