2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде (ЖАМА) инспектордук персонал үчүн «Жарандык авиация тармагында авиациялык коопсуздук» темасында окутуу иш-чарасы ийгиликтүү өткөрүлдү.
Окутуунун жүрүшүндө инструктор катары ЖАМАнын авиациялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, ички инструктор Кашкариев Мирзаян Турдубекович катышуучуларга маалымат берди.
Бул окутуу жемиштүү өтүп, адистерге тажрыйба алмашууга, ошондой эле авиациялык коопсуздук тармагындагы актуалдуу маселелерди кеңири талкуулоого ыңгайлуу шарттарды түздү.
Мындай демилгелер кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн авиациялык коопсуздук системасын чыңдоого өбөлгө болот.