Бухарест, 2025-жылдын июлу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов расмий сапар алкагында Румыниянын жарандык авиация мекемелеринин жетекчилиги менен стратегиялык жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын негизги максаты — эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана жарандык авиация тармагында өнөктөштүктү чыңдоо болду.
Румыниянын Жарандык авиация башкармалыгынын (CAA Romania) жетекчиси менен жолугушуу
Румыниянын Жарандык авиация башкармалыгынын Башкы директору Николае Стойка мырза менен иш жолугушуусун өткөрдү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Румыниянын ортосунда аба каттамдары боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы ЕБнин “кара тизмесинен” чыгарылгандан кийин Бишкек–Бухарест түз аба каттамын ачуу перспективаларын талкуулашты.
Румыниянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр
Авиация тармагын көзөмөлдөгөн Румыниянын Транспорт министрлигинин секретариаты менен жолугушуу өттү. Тараптар жарандык авиация чөйрөсүндө кызматташуунун багыттарын, анын ичинде жөнгө салуу, инфраструктура жана кадр даярдоо маселелерин карашты.
ROMATSA диспетчердик борбору
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Румыниянын аэронавигациялык тейлөө провайдери ROMATSAнын Башкы директору Мариус Адриан Койок мырза менен жолугушту. Сапардын жүрүшүндө ал күн сайын миңдеген каттамдарды тейлеген диспетчердик борбордун иши менен таанышты, 360 градус көрүнүштү камсыз кылган мунара симуляторун жана аэропорттук жана маршруттук зоналар үчүн авиадиспетчердик тренажёрлорду көрдү. Ошондой эле ROMATSAнын программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынан келген иштеп жаткан авиадиспетчерлерди, инженердик курамды жана метеорологдорду окутуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Авиациялык техниктерди даярдоо жаатындагы кызматташтык
EASAнын стандарттары боюнча авиациялык техниктерди даярдоо багытында адистешкен румын авиациялык окуу борборунун башкы директору менен жолугушуу болду. Тараптар Кыргыз Республикасынын авиация институтунун базасында аталган борбордун филиалын ачуу жана билим берүү программалары менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Бул визит Кыргыз Республикасынын Румыния авиация мекемелери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен билим берүү жана адистик долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле Европага жаңы аба каттамдарын ачууга болгон умтулуусун көрсөтөт.