Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинде JAA Training Organisation тарабынан окуу өткөрүлдү

7-июлдан 12-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинде авиациялык персоналды окутуу боюнча Европалык компания (JAA TO) тарабынан окутуу курстары болуп өттү.

JAA Training Organisation - авиациялык адистерди даярдоо боюнча алдыңкы эл аралык борборлордун бири болуп саналат, ИКАОнун Platinum окутуу борбору катары таанылган. Уюм дүйнө жүзү боюнча 1600дөн ашык мекеме менен кызматташат, анын ичинде 44 ECAC мүчө-мамлекеттеринин авиациялык бийликтери жана бардык континенттердеги кардарлар. 

Бул тренинг эл аралык практиканын негизги аспектилери жана учуу коопсуздугу чөйрөсүндөгү ченемдик талаптар боюнча авиация кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган. Программа үч адистештирилген курстарды камтыды:

  • Атайын эксплуатациялоо эрежелери (ETOPS, MNPS, RVSM, LVO (AWOPS), PBN);
  • Учуу маалыматтарын көзөмөлдөө жана талдоо (FDM/FDA) – киришүү курсу;
  • EASA MMEL/MEL – минималдуу жабдуулар тизмеси негиздери жана жол-жоболорун колдонуу.

Курстарды JAA Окуу Уюмунун Билим берүү факультетинин башчысы Капитан Брайан Гривз өткөрдү. Сабактар жекече, мамлекеттик агенттиктин инспекторлорунун активдүү катышуусу менен өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар аба кемелерин эксплуатациялоо, учуу маалыматтарын талдоо жана коопсуздук контекстинде EASA процедураларын колдонуу жаатындагы эң мыкты эл аралык стандарттар менен таанышышты. 

Мындай курстарды өткөрүү Кыргызстандын авиация тармагынын кесиптик потенциалын чыңдоого, ошондой эле улуттук стандарттарды ИКАОнун талаптарына ылайык келтирүү боюнча стратегиялык максаттарды ишке ашырууга жардам берет.