Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостонов Жапония мамлекетинин борбору Токио шаарында иш сапары менен болду.
Сапардын жумушчу программасында Мамлекеттик агенттиктин директоруну Жапония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Финансылык кызматташтыкты ишке ашыруу департаментинин башкы директорунун орун басары Араки Язумидзи мырза менен жолугушуусунан башталды.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ЖапонияӨкмөтүнүн ортосунда «Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу объекттерин жакшыртуу» долбоору боюнча грант ратификацияланган. Долбоордун алкагында Ош эл аралык аэропортунда аэронавигациялык мунаранын курулушуна андан тышкары «Манас», «Ысык-Көл» жана «Ош» эл аралык аэропортторунун аба кыймылын башкаруу системасын модернизациялоого JICAдан грант бөлүнгөн.
Бөлүнгөн гранттын алкагында жогоруда аталган долбоорду ишке ашырып жаткан “Nippon Koei” консалтинг компаниясынын жетекчилиги менен да жолугушуу болду.
Кыргыз Республикасынын Жапониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эркинбек Арстанбекович Осоевдин колдоосу менен жарандык авиация тармагында кызматташууну кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз ара демилгелерди илгерилетүүгө багытталган Жапонияавиация тармагынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар уюштурулду.
Бул контекстте “All Nippon Airways” компаниясынын Аткаруучу вице-президенти Нахил Вафа Дажани айым жана “Japan Airlines” компаниясынын Маршруттук тармактык маркетинг боюнча улук вице-президенти Росс Леггетт мырза менен жолугушуулар өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты Кыргызстан менен Жапония ортосунда түз же транзиттик аба каттамдарын ачуунун келечеги, анын ичинде биздин өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учуу мүмкүнчүлүгүнө бурулду. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын тарабынан Кытай Эл Республикасы багытында Кыргызстандын түштүгүндөгү аба мейкиндигине жаңы кирүү пунктун ачууга даярдыктар тууралуу маалымат берди, бул эки өлкөнүн ортосундагы логистикалык каттамдарды кеңейтүүгө жана аба каттамдарын бекемдөөгө жагымдуу шарттарды түзөт. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жана учактарды эксплуатациялоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле “Nippon Travel Agency” компаниясынын башкы менеджеринин орун басары Наоки Баба мырза менен жолугушуу болуп, анда Кыргызстанды Жапония рыногунда туристтик аймак катары таанытуу, биргелешкен туристтик продукцияларды жана маршруттарды иштеп чыгуу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.