Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Европа жана Түндүк Атлантика региондорунун авиациялык администрацияларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Бостонов Данияр Куватбекович Франция Республикасынын Париж шаарында иш сапары менен болду. Иш сапардын алкагында агенттиктин директору Европа жана Түндүк Атлантика региондорунун өлкөлөрүнүн авиациялык администрацияларынын жетекчилеринин жолугушуусуна (EUR/NAT-DGCA/2025), жана ошондой эле Ле Бурже эл аралык авиасалонунун алкагында өткөн «Industry and Innovation Day» аттуу иш-чарага катышты.

 

EUR/NAT-DGCA/2025 жыйынынын жүрүшүндө EUR/NAT ICAO кеңсесинин ишмердүүлүгү менен, Европа Комиссиясы (EU) жана EASA менен өз ара аракеттенүү боюнча презентациялар жана баяндамалар жасалды. Ошондой эле Бостонов Данияр Куватбекович Молдова Республикасынын, Литва Республикасынын, Португалия Республикасынын, Түркия Республикасынын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Испания Королдугунун, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын авиациялык бийликтеринин жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

 

Жолугушууда 2025-жылдын сентябрь айында Монреалда өтө турган ИКАОнун алдыдагы Ассамблеясынын аймактык позициясы да талкууланды.

 

Ле Буржеде өткөн «Industry and Innovation Day» алкагында агенттиктин директору алдыңкы дүйнөлүк лизингдик компаниялары менен жолугушууларды өткөрдү, анын ичинде дүйнөлүк лизинг рыногунун негизги компанияларынын бири – Blueberry Aviation. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын авиаташуучуларынын аба паркын жаңыртуу, техникалык тейлөө программаларын ишке киргизүү, учактардын техникалык абалына мониторинг жүргүзүү системалары, Airbus учактарын сатып алуу, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.