Евразия Координациялык кеңешинин 40-жыйыны

Евразия Координациялык кеңешинин 40-жыйынына Азербайджан, Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия, Таджикистан жана Өзбекстандын аэронавигациялык уюмдарынын өкүлдөрү жана байкоочулары, ошондой эле авиация тармагынын жана адистештирилген мекемелердин делегаттары катышты.

 

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу, инфраструктураны модернизациялоо, учкучсуз учактардын аба мейкиндигин пайдалануу, аэронавигациялык пландоодо системалык мамилени киргизүү маселелери талкууланды.

 

Белгиленген милдеттерди иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй жумушчу топторду түзүү сунушталды:

 

  • катышуучу-өлкөлөрдүн аба мейкиндигинде минималдуу оперативдүү тармактын (МОН) концепциясын иштеп чыгуу;

 

  • PANS-OPS процедураларын иштеп чыгуу жана кайчылаш валидациялоону ишке ашыруу;

 

  • учуу пландарын берүү үчүн “Единое окно” кызматын түзүү.

 

Ар бир топ көп тараптуу кызматташтыктын алкагындагы макулдашылган милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылуу менен этаптуу иш алып барат.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Евразия КК катчылыгынын жаңы төрайымы болуп «ОрВД боюнча мамлекеттик корпорация» ФМУИ административдик дирекциясынын директорунун орун басары Екатерина Салманова шайланды.

 

"Казаэронавигация" РМКсынын 2025-жылдын октябрь айында Алматы шаарында аба кыймылынын диспетчерлеринин кесиптик чеберчилик боюнча сынагын өткөрүү демилгеси колдоого алынды, ал тажрыйба алмашуу жана АТС көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн аянтча болуп саналат.

 

“Армаэронавигация” ЖАКнын сунушу боюнча Евразия ККнын кезектеги, 41-жыйыны 2025-жылдын күзүндө Ереванда өтөт.