2025-жылдын 30-майынан 5-июнуна чейин Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги DRV (Deutscher ReiseVerband) немис туроператорлорунун ассоциациясы менен биргеликте уюштурган жылдын эң ири туристтик иш-чараларынын бири болгон DRV Destination форуму өттү.
Форумга Германиянын туризм тармагынын 60 алдыңкы өкүлдөрү катышты. Форумдун максаты эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосундагы иш байланыштарды чыңдоо, Кыргыз Республикасынын жагымдуу туристтик өлкө катары таанытуу, туруктуу жана аймактык туризмди өнүктүрүү болгон.
Иш-чара Бишкек шаарынын кооз жерлерин кыдыруу менен башталып, Чолпон-Ата шаарына саякат менен уланды. Коноктор үчүн Ош, Нарын, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарына тур уюштурулду. Ар бир багыт уникалдуу маршруттар аркылуу көрсөтүлдү: тарыхый эстеликтерден тарта табигый кооз жерлерге чейин.
Форумдун негизги күнү 5-июнда «Ала-Арча» резиденциясында өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Эргешович Төрөбаев катышты, ал конокторду жылуу кабыл алып, өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы катары туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. DRVнын аткаруучу директору Ахим Верман да саламдашуу сөз сүйлөдү.
Өзгөчө көңүл кыргыз жана немис туроператорлорунун ортосундагы B2B жолугушууларына бурулуп, анда кызматташуунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана туристтик маршруттарды уюштуруу талкууланды.
Панелдик сессияга Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги да катышып, эл аралык туризмдин өсүшүнүн негизги фактору катары, аба каттамдарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Кыргыз Республикасында түз авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү, аба ташуулардын сапатын жогорулатуу, жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер боюнча отчет берилди.
Кыргызстандагы DRV Destination Forum Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоого олуттуу кадам болду. Форум өлкөнүн туристтик потенциалын гана көрсөтпөстөн, туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алууга даярдыгын көрсөттү.