Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда, Борбор Азияны Батыш Кытай менен байланыштырган, экинчи аба жолун ачуу боюнча макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү боюнча жигердүү иштерди улантууда. Кытай Эл Республикасы менен Кашкар шаары багытында жаңы аба жолун ачуу жөнүндө макулдашуу бул жолдогу маанилүү кадам болду.

Жаңы каттам глобалдык «Аба Жибек Жолу» долбоорунун бир бөлүгү болуп, Борбор Азия менен Батыш Кытайды түз аба байланышын камсыздайт. Бул жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү гана ачпастан, ошондой эле учурдагы аба коридордун агымын олуттуу азайтат, логистиканы жакшыртат жана аймактагы учуу коопсуздугун жогорулатат.

2025-жылдын 28-апрелинен 29-апрелине чейин Кыргызстан менен Кытайдын жарандык авиация өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусунда жаңы аба жолунун конкреттүү параметрлери жана анын иштөө тартиби боюнча макулдашууга жетишилди. Эки тарап тең өз пландарын тез арада ишке ашырууга даяр экендигинин билдиришти.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бул аба жолунун ачылышы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, туризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасын эл аралык авиация тармагына интеграциялоого өбөлгө түзөөрүн белгилейт.

Долбоор боюнча иштер Кытай Эл Республикасынын авиациялык бийликтери, ошондой эле адистештирилген уюмдар жана авиакомпаниялар менен тыгыз кызматташтыкта ​​улантылууда.