Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостоновдун Тажикстан Республикасына болгон иш сапары

2025-жылдын 15-апрелинде Тажикстандын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Куватбекович Бостонов менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Назарзод Хабибулло Темурдун жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга ошондой эле «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Өмүров Төрөкелди Камчыбекович катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Душанбе-Бишкек-Душанбе жана Худжанд-Бишкек-Худжанд багыттары боюнча каттамдардын санын көбөйтүү, Душанбе-Ысык-Көл жана Худжанд-Ысык-Көл багытында жаңы каттамдарды ачуу, учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн жарандык авиация тармагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда жарандык авиация адистеринин билим деңгээлин жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жарандык авиация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга” кол коюлду.

Ошондой эле Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз делегациясы «Тажикэрнавигация» мамлекеттик унитардык ишканасында болуп, анда инфраструктура менен таанышып, аэронавигация тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабынын фонунда өттү. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча расмий документтерге тарыхый кол коюу эки тараптуу кызматташуунун жаңы барагын ачты. Бул кадам узак мөөнөттүү тынчтык жана жакшы коңшулук үчүн бекем пайдубалды түздү. Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы жарандык авиация жана транспорттук жеткиликтүүлүк жаатында өнөктөштүктү өркүндөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Мындай жолугушуулар тараптардын конструктивдүү диалогго умтулуусун тастыктайт жана региондун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөө боюнча жалпы ишке маанилүү салым катары кызмат кылат.