2025-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде кеңешме болуп өттү

2025-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Кыргыз Республикасынын бардык авиациялык ишканаларынын учуу коопсуздугун камсыздоо кызматтарынын жетекчилеринин жана учуу директорлорунун катышуусунда кеңешме болуп өттү.

 

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн жарандык авиациясында биринчи жолу жүргүзүлүп жаткан 2024-жылга Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учуу коопсуздугунун абалына талдоо сунушталды. Бул документ учуу коопсуздугунун абалын комплекстүү кароо болуп саналып, авиациялык кырсыктарды, инциденттерди жана аныкталган кооптуу факторлорду статистикалык түрдө камтыйт.

 

Талкуунун жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары учуу коопсуздугу жаатындагы бир катар оң өзгөрүүлөрдү белгилешти, анын ичинде жарандык авиация органы тарабынан мониторинг жана көзөмөл деңгээлинин жогорулашы, ошондой эле авиациялык окуяларды талдоо үчүн заманбап инструменттердин ишке кириши. Ошол эле учурда авиакомпаниялардан да, көзөмөл органынан да көңүл бурууну талап кылган көйгөйлүү маселелер аныкталды.

 

Кеңешменин жүрүшүндө учуу коопсуздугунун системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты, анын ичинде операторлор менен профилактикалык иштерди күчөтүү, авиациялык персоналды даярдоо деңгээлин жогорулатуу, жердеги кызматтар жана аба кыймылынын кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу.

 

Мындан тышкары, катышуучулар жарандык авиациянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди, анын ичинде жаңы ченемдик талаптарды киргизүүнү, тастыктамалоо жана лицензиялоо маселелерин, ошондой эле эл аралык авиациялык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги бардык катышуучуларга талкууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет, биргелешкен күч-аракеттер Кыргыз Республикасындагы учуу коопсуздугунун деңгээлин, ИКАОнун стандарттарынын шайкештигине алып келет.