Түркиялык “Haritaevi” компаниясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери үчүн окутуу өткөрүп, кайтарым байланыштын негизинде аткарылган иштери боюнча презентация жасады.
Белгилей кетүү керек, 2024-жылы Кыргыз Республикасы аэропорттордун айланасындагы тоскоолдуктарды башкаруу үчүн колдонулуучу ObstacleAnalyze программалык камсыздоосун алып жана орноткон. Ушуга байланыштуу, өткөн жылдын сентябрь айында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан аталган программа камсыздоонун негизинде «Тоскоолдуктарды баалоо жана талдоо» темасында окутуу уюштурулган. Окутууну “Haritaevi” компаниясын башкы директору өткөргөн.
2025 – жылдын 26-февраль күнү туркия тарабынан кайтадан окутуу өткөрүлдү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кайтарым байланышынын негизинде “Haritaevi” компаниясы ObstacleAnalyze программасынын иштөөсүн оптималдаштыруу жана жакшыртуу боюнча иштерди жүргүздү.