Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде ата мекендик авиакомпаниялар менен авиациялык коопсуздук чараларын камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Жыйында жарандык авиация органы жана авиакомпаниялар тарабынан 2024-жылы авиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында аткарылган иштер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.