Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн, ошондой эле Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталары ратификацияланды.
Мыйзам долбоорунда Ош аэропортунда аэронавигациялык мунаранын курулушуна жана “Манас”, “Ысык-Көл” жана “Ош” аба каттамдарын башкаруу системасын модернизациялоо үчүн JICAдан (Жапония Эл аралык Кызматташтык Агенттигинен) 14 миллион доллар өлчөмүндөгү грантын бекитүү сунушталууда.