2024-жылдын 11-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусу менен “Каракол” эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

2024-жылдын 11-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусу менен “Каракол” эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. 

 

“Каракол” аэропорту алгач 1978-жылы ишке киргизилген, андан 33 жылдан кийин, 2011-жылы, “эл аралык аэропорт” макамы берилди. Азыркы учурда, саатына 250 жүргүнчүнү тейлей турган, жалпы аянты 9000 м² түзгөн жаңы аэровокзал комплекси курулду. Аэропорттун учуу-конуу тилкеси 2450 метрге узартылып, заманбап учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

 

“Аэропорт – бул ар бир өлкөнүн аба дарбазасы. Ошондуктан аэропортторубуздун жанданып, иштей баштаганы – бул өлкөбүзгө келем деген меймандарга аба дарбазасын кеңири ачып, кучак жайып тосуп алууга даяр экендигинин белгиси. Ошондой эле бул – мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсүн шарттап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган маанилүү окуя.

 

Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы биздин максатыбыз – аба транспорт тармагын өнүктүрүү, республиканын алыскы аймактарынын аба каттамдарын жандандыруу, эл-журтубуздун карым-катышына альтернативдүү жол катары ыңгайлуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү багытындагы эл аралык каттамдарды ачуу болуп саналат.  ” - Президент Садыр Жапаров