Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги 2024-жылдын 3-декабрынан 6-декабрына чейин Париж шаарында (Франция) Эл аралык жарандык авиация уюмунун Европа/Түндүк Атлантика бюросунун кеңсесинде Авиация системасын пландоо боюнча Европалык топтун отурумуна катышты ( EASPG).
Бул топтун негизги максаты - Европа регионунда аэронавигациялык системаны өнүктүрүү пландарынын жана иш-аракеттеринин, коңшу региондордун пландарынын ИКАОнун Глобалдык авиациялык коопсуздук пландары (GASP) жана Аэронавигация пландары (GANP) менен шайкештигин камсыз кылуу. EASPG ошондой эле европалык субрегионалдык жана улуттук аэронавигация жана коопсуздук программаларын (мисалы, ЕБ, EASA, EUROCONTROL, IAC, IATA ж.б.) шайкеш келтирүүгө жана координациялоого көмөктөшөт.
EASPG жолугушуусу тажрыйба алмашуу жана аймактагы коопсуз жана эффективдүү авиация системасын камсыздоого багытталган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.