2024-жылдын 18-19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасында Кытайдын Жарандык авиация мамлекеттик башкармалыгынын Синьзян аба кыймылын башкаруу бюросунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:
- ADS-B менен жабдылган учактар үчүн узунунан учуу эшелонун азайтуу;
- AIDC/OLDI маалыматтары менен алмашуу маселелери;
- Үрүмчү областтык борбору менен Бишкек шаарынын областтык борборунун ортосундагы аба кыймылын тейлөө боюнча келишиме кол коюу;
- өлкөнүн түштүгүндө Кашкар тарапка жаңы каттамдын ачылышын талкуулоо жана техникалык изилдөө.
Иш-чара авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп, транспорт жана экономика чөйрөсүндө өнөктөштүк үчүн жаңы горизонтторду ачты.