Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги “Жалал-Абад” жана “Ош” аэродромунун тастыктамалоо иштерин өткөрдү.

Тастыктамалоо эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык жүргүзүлүп, аэродром аба кемелерин сапаттуу жана коопсуз тейлөөгө жогорку деңгээлде даяр экендигин көрсөтөт. 

Эске салсак, “Ош” аэродрому акыркы жолу тастыктамалоодон 2023-жылдын апрель айында, “Жалал-Абад” аэродрому 2023-жылдын октябрь айында өткөн

Бул иш-чара учуу коопсуздугуна жана жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугуна карата жогорку талаптарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.