Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Жалал-Абад жана Ош аэропортторунда текшерүү жүргүздү.

15-октябрда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин инспекторлору тарабынан Жалал-Абад аэропортунда жайгашкан “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Ушундай эле текшерүү 16-17-октябрларында Ош аэропортунда жайгашкан «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын филиалында болгон.

Текшерүүнүн негизги максаты – учууларды аэронавигациялык камсыздоонун Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин учурдагы талаптарына ылайыктуулугун баалоо. Текшерүү аба кыймылынын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн камсыз кылган радионавигациялык, диспетчердик жана метеорологиялык кызматтарды текшерди.