6-сентябрь күнү “Asman Airlines” мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан сатылып алынган - Dash 8 Q-400 үч жаңы учактын бири өлкөгө келди. Бул биздин республикабыздын авиация өнөр-жайын өнүктүрүү жана чыңдоо жолундагы - маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы учак жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулуктун, коопсуздуктун жана үнөмдүүлүктүн жогорку стандарттарын камсыз кылат.
Ар бир жаңы сатып алуу – бул улуттук авиациянын келечегине, тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана аба транспортунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кошкон салым.