Жеңиш күнүнүн алдында Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Аспек Жумашевди куттукташты.

Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, мекендин тынчтыгы жана эркиндиги үчүн көрсөткөн улуу эрдиги үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Агенттиктин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов ардагерди жылуу куттуктап, анын кайраттуулугуна, чыдамкайлыгына жана адам чыдагыс сыноолор менен оор жоготуулар аркылуу келген тынч асман үчүн ыраазычылык айтты. Урмат-сыйдын жана ыраазычылыктын белгиси катары Аспек Жумашевге белектер жана материалдык жардам тапшырылды.

Быйыл Аспек ата 102 жашка, ал эми өмүрлүк жары Эсенбүбү апа 94 жашка толду. Экөө бирге түтүн булатып жашап келе жатканына 76 жыл болду. Алар узак өмүр жолунда 8 баланы тарбиялап өстүрүп, 26 неберенин сүйүктүү чоң ата, чоң энеси болушту. Бүгүнкү күндө болсо 30дан ашуун чөбөрөнүн мээримдүү чоң ата, чоң энеси болуп келишет.

Улгайган курагына карабастан, ардагер дагы эле кыялданып, тилек кылып келет. Ал жылмайып: «Эң кичүү неберемдин үйлөнүү тоюн көрүп калсам, анда бул жашоодон кетсем деле арманым болбойт», - деп айтты.

Аспек ата Жеңиш күнүн, жаштык кезин, согуш жылдарын, фронттогу күндөрүн жана өмүрлүк жары менен алгачкы жолугушуусун өзгөчө толкундануу менен эскерет. Ошол кезде 18 жаштагы жаш жигиттер мекенин коргоо үчүн фронтко аттанып, аларды алдыда эмне күтүп турганын билишкен эмес. Алардын арасында биздин ардагерибиз да болгон.

Улуу Жеңишти алып келген муундун эрдиги сөз менен жеткире алгыс. Алардын каармандыгы, Мекенге болгон чексиз сүйүүсү жана майтарылбас духу элдин эсинде түбөлүккө сакталып, келечек муундар үчүн мекенчилдиктин жаркын үлгүсү болуп кала берет.