Жарандык авиация тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча Австрия делегациясы менен жолугушуу.

     Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу  Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Австриянын Финансы министрлигинин өкүлү жана авиациялык технологияларга адистешкен австриялык компаниялар менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Австриянын Федералдык каржы министрлигинин Технологияларды трансферлөө бөлүмүнүн жетекчиси мырза Михаэль Матиашитц, коопсуздук, чек ара көзөмөлү жана дрон технологиялары жаатында иш алып барган Dronetech компаниясы, ошондой эле коопсуздук, коргонуу жана аба кыймылын башкаруу боюнча чечимдерди сунуштаган Frequentis компаниясы катышты.

   Жолугушууда тараптар авиация тармагынын эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган заманбап технологиялык чечимдер менен тааныштырылды. Ошондой эле тармактагы учурдагы муктаждыктар, жаңы технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

    Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жарандык авиация чөйрөсүндөгү өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган мындан аркы кызматташууга жана практикалык кадамдарды карап чыгууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.