Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде ишембилик!

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын жана 2023-2025-жылдарга тиричилик калдыктарын башкаруунун натыйжалуу инфраструктурасын түзүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруунун алкагында 14-сентябрь күнү  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде

ишембилик өткөрүлдү.

 

Мамлекеттик агенттиктин айланасы тазаланып, жашыл аймактар ​​иретке келтирилди. Мындай иш-чаралар бизге ыңгайлуу жана таза иш чөйрөсүн түзүүгө гана жардам бербестен, жумуштан тышкары кесиптештер менен баарлашуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп калат.