Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде Airbus компаниясынын өкүлү менен жолугушуу болуп өттү

2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде директор Бостонов Данияр Куватбекович менен Airbus эл аралык авиакуруучу компаниясынын өкүлү Дамьен Кюссак мырзанын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Диалогдун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүгө жана европалык алдыңкы учак өндүрүүчүсү менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө багытталган маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун негизги темалары:

  • Учкучтардын квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде Тулузадагы Airbus окуу борборлорунда окутууну уюштуруу;
  • Жергиликтүү институттарда жана окуу борборлорунда Airbus учуу симуляторлорун орнотуу жана колдонуу.

Airbus компаниясы Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча, анын ичинде адистерди даярдоо, техникалык жардам жана стратегиялык консалтинг боюнча көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушууда ошондой эле глобалдык интеграциянын шартында европалык учак чыгаруучулар менен өнөктөштүктү бекемдөөнүн маанилүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө болгон умтулуусу баса белгиленди. Airbus менен кызматташуу эл аралык деңгээлде ата мекендик авиация тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга карай стратегиялык кадам катары каралат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин ырасташты. Мамлекеттик агенттиктин директору Бостонов Данияр Куватбекович Airbus компаниясынын жетекчилигин жана өнөктөш уюмдарды тартуу менен диалогду улантууну сунуштады.